Central Asian Research Index

News of Issyk-Kul forum of Central Asian Accountants and Auditors, 2025, № 3, с. 66-70

ЭКОНОМИКАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ЧАКАН БИЗНЕСТИН РОЛУ

ОРОЗАЛИЕВА А., КАРИМОВА Н., РАХИМОВ Д.

Аннотация · Abstract

Чакан бизнес - бул экономиканын маанилүү бөлүгү болуп, анын өнүгүүсү экономикалык туруктуулукка жана жумуш менен камсыздоонун деңгээлинин жогорулоосуна чоң салым кошот. Макалада чакан бизнестин өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары жана көйгөйлөрү каралат. Ошондой эле, чакан ишканалардын экономикадагы ролу, алардын иштөө шарттары жана өнүгүүсүнө тоскоол болгон факторлор талданат. Чакан бизнестин ийгиликтүү иштеши үчүн каржылоо, рынокко жетүү, мамлекеттик колдоо жана башкаруу механизмдеринин мааниси баса белгиленет. Макала чакан бизнестин өнүгүүсүн стимулдаштырууга багытталган сунуштарды жана практикалык аракеттерди камтыйт. Кыргызстандын шарттарында чакан бизнеске жеңилдетилген насыялардын жана колдоо программаларынын ролу да каралат

Сведения · Details