Central Asian Research Index

Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А Мырсабекова, 2025, т. 2, № 2, с. 191-198

ОШ ШААРЫНДАГЫ АК-БУУРА ДАРЫЯСЫНЫН ЖЭЭК ӨСҮМДҮКТӨРҮНҮН АБАЛЫН NDVI, NDRE, MSAVI, RECI, NDMI ЖАНА NDSI ВЕГЕТАЦИЯЛЫК ИНДЕКСТЕРИНИН НЕГИЗИНДЕ БААЛОО

Равшанбек Абсатаров, Эралы Арынбаев, Рысбек Абылов

Аннотация · Abstract

Бул макалада Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээк өсүмдүктөрүнүн абалы көп спектрдүү спутниктик маалыматтарды талдоо негизинде бааланган. Изилдөө үчүн NDVI, NDRE, MSAVI, RECI, NDMI жана NDSI сыяктуу вегетациялык индекстер колдонулган, алар өсүмдүктөрдүн жашылдыгын, нымдуулук деңгээлин жана физиологиялык абалын чагылдырат. Талдоо Sentinel-2 спутнигинин маалыматтарынын негизинде ГИС-технологияларды колдонуу менен жүргүзүлгөн. Алынган натыйжалар жээк өсүмдүктөрүнүн деградациясынын ар кандай деңгээлдерин аныктоого жана антропогендик факторлордун таасирин баалоого мүмкүндүк берди. Сунушталган ыкма суу сактоо зоналарынын экологиялык абалын үзгүлтүксүз мониторинг кылуу жана урбанизацияланган аймактардагы жашыл фондду башкаруу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Сведения · Details