КАРАХАНДАРДА ДИНИЙ ТЕРМИНОЛОГИЯ (МАХМУД КАШГАРИНИН “ДИВАНИ ЛУГАТ-ИТ ТҮРК” ЭМГЕГИНИН МИСАЛЫНДА)
Махмуд Кашгаринин “Дивани лугат-ит түрк” сөздүгү орто кылымдагы түрк маданиятынын эң маанилүү жазма эстеликтеринин бири болуп саналат. нда XI кылымдагы түрк коомунун жашоо-турмушун, салт-санаасын, ишенимдерин жана маданий түшүнүктөрүн чагылдырган көптөгөн тилдик бирдиктер берилген. «Дивани Лугат-ит түрк» эмгегин изилдөөнүн актуалдуулугу Караханиддер доорундагы тарыхый-маданий процесстерди терең түшүнүү зарылдыгы менен байланыштуу. Караханиддер мамлекети Борбордук Азиядагы алгачкы мусулман түрк мамлекеттеринин бири болгон. Бул мезгилде байыркы түрк дүйнө таанымы менен исламдык диний түшүнүктөр өз ара байланышып, түрк тилдериндеги диний лексиканын жана түшүнүктөр системасынын калыптанышына чоң таасирин тийгизген. Макалада Караханиддердин диний дүйнө таанымы, алардын руханий түшүнүктөрүнүн өзгөчөлүктөрү жана ошол мезгилдеги жазма булактарда чагылдырылган диний концепциялар каралат. Өзгөчө көңүл «Дивани Лугат-ит түрк» эмгегинде кездешкен диний терминдерди талдоого, ошондой эле түрк тектүү диний мүнөздөгү сөздөрдү аныктоого бурулат. Изилдөөнүн негизги максаты — бул лексикалык бирдиктердин семантикалык өзгөчөлүктөрүн, алардын орто кылымдагы түрк элдеринин диний дүйнө сүрөтүн түзүүдөгү ролун жана азыркы түрк тилдеринин тарыхый өнүгүүсүндөгү маанисин аныктоо. Изилдөөнүн жыйынтыктары Караханиддер доорунун руханий маданияты жөнүндө түшүнүктөрдү кеңейтүүгө жана байыркы түрк диний лексикасынын азыркы түрк тилдеринин өнүгүүсүндөгү ордун аныктоого мүмкүндүк берет.
Сведения
- Опубликовано
- 2026 · № 1(7), С. 73-91
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8874
- Издатель
- Osh State University