Central AsianResearch Index

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ КАНАТТУУ- СИМВОЛДОР (сайроочу куштардын мисалында)

Байыркы мезгилдерден эле канаттуулардын адамдардын турмушунда өз орду болуп келген. Алар алгач аңчылык объектиси катары кызыгууну жаратышса, кийин рухий турмушунда да орун ала баштаган. Буга айрым элдердин, уруулардын тотеми катары ак куу, бүркүт, төө куш, жору, каз, турна саналганын мисал келтире кетсек болот. Ошондон улам көптөгөн элдердин элдик оозеки чыгармачылыгында канаттуулар тууралуу жомоктор, макал-лакаптар, табышмактар жаралып, каада-салттар, ишенимдер, ырым-жырымдар жашап келген. Айрымдары учурда да өзүнүн ордун жоготкон жок, муну кыргыздарга карата да айтууга мүмкүн. Кыргыз этнонимдеринин ичинен боз торгой, борбаш, бүркүт, жапалак, жору, каздар, кара кунас, кара кучкач, кара куш, карга, кузгун, кучкач, көк карга, кыргый, майда үкү, мүркүт, торгой, үкү, чымчык ж.б. сыяктуу аталыштардын учурашы муну тастыктап турат. Макалада Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы канаттуулардын символдук маанилери тууралуу сөз болмокчу.

Сведения

Опубликовано
2026 · № 1(7), С. 35-42
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8874
Издатель
Osh State University