МАХМУТ КАШКАРИНИН “ДИВАНУ ЛУГАТИ –Т ТҮРК” ЭМГЕГИНДЕГИ МЕЗГИЛ, УБАКЫТ ЛЕКСЕМАЛАРЫ ЖАНА АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ ТИЛИ
Азыркы кыргыз тилинин байыркы түрк тилдеринин бири экендигин жана кыргыз тилинин өнүгүү процессиндеги тилдик кубулуштарды аныктоодогу орду менен макала актуалдуу. Иликтөө максаты – М.Кашкаринин сөздүгүндөгү мезгил, убакыт лексемаларынын азыркы кыргыз тилинде колдонулуу деңгээлин, тилдик өнүгүү кубулушундагы тыбыштык, семантикалык өзгөрүүлөрдү, маанилик кеңейүүлөрдү иликтөө. Натыйжада, айрым сөздөрдүн байыркы тыбыштык көрүнүшүндө маанисин сактоо менен колдонулгандыгы жана маанилеринин кеңейгендиги: äj, jai, jaz küz, qış, tün, käç, bıltır, ajdıŋ, ахшам, tüş, ärtä, ürüŋ, айрым сөздөрдүн тыбыштык жактан өзгөрүүгө учуроо аркылуу пайдаланылгандыгы, андагы тилдик кубулуштар: uğur; кээ бир сөздөрдүн мааниси сакталган, бирок башка аталышка ээ болгондугу аныкталды: maraz, izi, arqun. Ошондой эле мезгил, убакыт лексемаларынын морфемалык түзүлүшү, этимологиясы такталды. Демек, М.Кашкаринин “Дивану лугати-т түрк” эмгегиндеги мезгил, убакыт лексемаларынын көпчүлүгү азыркы кыргыз тилинде пайдаланылат. Бул жыйынтык кыргыз тилинин байыркы түрк тилдиринин бири экендигинин далилдейт. Макаладагы иликтөөнүн натыйжасы түрк тилдеринин, анын ичинде кыргыз тилинин лексикасын, сөздөрдүн этимологиясын иликтөөгө материал боло алат.
Сведения
- Опубликовано
- 2026 · № 1(7), С. 1-12
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8874
- Издатель
- Osh State University