МАДАНИЯТТЫН УЛАНЫШЫ: БАЙЫРКЫ ЖАНА ОРТО КЫЛЫМДАРДА КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА ЖАШАГАН ЭЛДЕРДИН БАШ КИЙИМДЕРИ
Улуттук баш кийим - элдик материалдык маданияттын үлгүсү. Ар улуттун салттуу баш кийимдери археологиялык жана этнографиялык материалдардан белгилүү болгон окшош этаптардан өтөт. Бул этаптардан кыргыз элинин баш кийими болгон калпак да басып өткөн. Калпактын формалары байыркы доор, орто кылымдардагы жана жаңы заманда петроглиф, сүрөт, барельеф түрүндө чагылдырылган. Макалада калпакты археологиялык, этнографиялык жана фольклордук сыяктуу бири-бирин толуктап турган ар кандай булактарды пайдалануу менен бирдиктүү көрүнүш катары ретроспективдүү изилдөө ыкмасы колдонулду. Андан сырткары макалада калпактын этимологиясын чечмелөө аракети жасалды.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 1(3), С. 1-11
- Язык
- Русский
- ISSN
- 1694-8874
- Издатель
- Osh State University