Central AsianResearch Index

КЫРГЫЗ ЖАНА АЛТАЙ ЭПОСТОРУНДАГЫ БААТЫРГА АТ КОЮУГА БАЙЛАНЫШТУУ МОТИВДЕРДИН САЛТТУУ БЕРИЛИШИ

Макалада кыргыз жана алтай эпосторундагы баатырга ат коюуга байланыштуу мотивдердин салттуу берилиши иликтөөгө алынды. Кыргыз жана алтай элдери түбү тектеш элдер болуу менен бирге маданий жана адабий жалпылыктарга да ээ. Бул айрыкча эки элдин эпосторунан ачык көрүнөт. Кыргыз жана алтай эпосторунун тутумундагы баласыздык, ата-эненин түшүнө аян берүү менен баатырдын укмуштуу болуп төрөлүшү, ат коюу, өтө тез өсүп, күчтүү болуп эрезеге жетиши, укмуштуу эрдиктерди көрсөтүшү сыяктуу мотивдер аталган эки элдин эпосторундагы салттуу көрүнүштөрдөн болуп саналат. Изилдөөдө кыргыз жана алтай элдеринин элдик оозеки чыгармачылыгындагы орток эпикалык чыгармаларына басым жасалып каралып, алардын эпосторундагы баатырга ат коюуга байланыштуу орток жана архаикалык мотивдерге азыркы көз караштан туруп мүнөздөмө берилип, айрым көз караштар, пикирлер салыштырылып талдоо жүргүзүлдү. Эки элдин эпосторунун арасындагы байланыш, типтүү белги-касиеттер, окшоштуктар жана айырмачылыктар аныкталып каралды.

Сведения

Опубликовано
2023 · № 2(2), С. 49-56
Язык
Русский
ISSN
1694-8874
Издатель
Osh State University