Ч. АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН КӨРКӨМДҮК АКСИОЛОГИЯЛЫК МАЗМУНУ
Адамзаттын көп кылымдык көркөм-эстетикалык тажрыйбасында анын чыгармачыл өкүлдөрү тарабынан нечендеген көөнөргүс көркөм дөөлөттөр жаратылып, кийинки муундарга өлбөс-өчпөс таберик катары калтырылган. Аларды аксиологиялык өңүттө изилдеп, дөөлөттүк табиятын, маани-мазмунун ачуу азыркы адабият таануунун алдында турган кечиктирилгис милдеттерден болуп саналат. Биз макалада Ч.Айтматовдун чыгармаларына карата мына ушул ыңгайда адабият таануучулук изилдөө жүргүзүүгө аракеттендик. Кыргыз адабиятынын кыртышында өнүгүп, кийин дүйнөлүк адабияттын аренасына чыккан Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы жалпы адамзмттык баалуулуктарды, көркөм дөөлөттөрдү аксиологиялык аспектиде иликтөө – учур талабы, макаланын актуалдуулугу ушунда.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 2(2), С. 23-29
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8874
- Издатель
- Osh State University