“ЭР ТӨШТҮК” ЭПОСУНДАГЫ МИФОЛОГИЯЛЫК ПЕРСОНАЖДАР
Макалада кыргыз элинин “Эр Төштүк” эпосундагы мифологиялык каармандар каралат. Эмгектин максаты - кыргыз эпосундагы мифологиялык каармандарды бөлүп көрсөтүү жана азыркы кыргыз фольклористикасынын учурдагы агымы болгон эпикалык жанрдын өзгөчөлүктөрүн изилдөө. Каралып жаткан кыргыз эпосунун мифологиялык каармандары байыркы коомдордун дүйнөнүн түзүлүшү тууралуу идеяларынан келип чыккан. Фольклордогу мындай көрүнүштөрдү изилдөө эпостун жаралуу жана калыптануу процесстерине байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Изилдөөнүн талдоо системасына ажыдаар, Алп кара куш, Көкдөө, Жети баштуу желмогуз, Жалгыз көздүү дөө, Чоюнкулак ж.б. образдары кирет. Жогоруда айтылган мифологиялык каармандардын бардык образдары сюжеттин ырааттуу кыймылы менен бир мезгилде изилденет. Мифологиялык образдарды чагылдырууда эпостун генетикалык байланыштарына өзгөчө көңүл бурулуп, алардын узак жашоо процессинде акырындык менен өзгөрүп турушу да баса белгиленет.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 1(1), С. 46-55
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8874
- Издатель
- Osh State University