СТУДЕНТТЕРДИН КЕП МАДАНИЯТЫН КЕПТИК КОММУНИКАЦИЯНЫН НЕГИЗИНДЕ КАЛЫПТАНДЫРУУ
Бул макалада кеп коммуникациясынын жүрүшүндө студенттердин кеп маданиятынын деңгээли, өнүгүүсү жана калыптануусуна кедергисин тийгизген айрым маселелер каралат. Ошондой эле коомдун талабына ылайык студенттин кеп маданиятынын жалпы нормалары изилденет. Кеп маданиятынын калыптандырууга зарыл болгон жалпы аспектилер аныкталат. Азыркы мезгилде дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан түрдүү өзгөрүүлөр кеп коммуникациясынын функцияларын кыйла кеңейтти. Бүгүнкү күндө кеп коммуникациясы – “байланыш” - маалыматтык мүнөзгө ээ болгон карым-катыш процесси болсо, “маалымат” - иштин ал-жайы тууралуу, бир нерсенин ал-абалын билдирүү, ошондой эле маданияттар аралык байланыштын негизги каражаты катары эсептелет. Демек, кеп коммуникациясынын негизинде кеп маданиятын калыптандыруу - заманбап компетенттүү мугалимдин кесипкөйлүгүн, жалпы жана кесиптик маданиятынын негизги компоненттеринин бири болуп саналат.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 1(1), С. 22-29
- Язык
- Русский
- Цитирований
- 2
- ISSN
- 1694-8874
- Издатель
- Osh State University