ИНСАНДЫН СОЦИАЛДАШУУ ПРОЦЕССИНДЕГИ ИСКУССТВОНУН РОЛУ
Бул макалада искусствонун реалдуулукту чагылдырып эле тим болбостон, ага инсанды калыптандыруу аркылуу таасир тийгизүүсү, адам аркылуу көркөм өнөр индивиддин ички дүйнөсүн кайра түзүүчү коомдук аң сезимдин формасы катары каралды. Андан сырткары социомаданий жашоодогу өзгөрүүлөргө жараша искусствонун маңызына жана анын өзгөчөлүктөрүнө терең көңүл бурула баштагандыгы анализге алынды. Көркөм өнөрдүн маңызы адамдардын коомдук тажрыйбасын жалпылоо жана анын үстүнөн символикалык формада чагылдырылган ой жүгүртүүлөрдүн баалуулуктук-нормативдүү жүрүм-турум үлгүлөрүн, образдарын калыптандыруу менен тыгыз байланышкан жактарына көңүл бурулду.
Сведения
- Опубликовано
- 2025 · № 2(6), С. 191-196
- Язык
- Русский
- ISSN
- 1694-8823
- Издатель
- Osh State University