“БОЗ ҮЙ”: КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ДҮЙНӨНҮ ТААНЫП-БИЛҮҮДӨГҮ ФИЛОСОФИЯЛЫК ЖАНА АРХИТЕКТУРАЛЫК СИМВОЛУ
Бул макалада боз үй кыргыз элинин дүйнөтаанымында өзгөчө орун ээлеген философиялык жана архитектуралык символ катары талданат. Автор көчмөн турмуштун шартында калыптанган боз үйдүн түзүлүшүнө, анын мейкиндиктик түзүмүнө, формасына жана ички уюшуна байкоо жүргүзүп, алардагы философиялык маани-маңызга токтолот. Боз үй адам менен жаратылыштын, коом менен руханий дүйнөнүн ортосундагы гармониянын көркөм чагылышы катары каралат. Ошондой эле, макалада боз үйдүн формасы аркылуу кыргыз элинин космологиялык түшүнүктөрү, тартип жана ыйыктык жөнүндөгү ойлору чечмеленет. Архитектура менен руханий-маданий баалуулуктардын өз ара байланышы кыргыз этнофилософиясынын жана элдик салттуу билиминин негизинде ачылып берилет.
Сведения
- Опубликовано
- 2025 · № 1(5), С. 55-63
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8823
- Издатель
- Osh State University