ЖИВОПИСЬ АРКЫЛУУ ОКУУЧУЛАРДЫ КӨРКӨМ-ЭСТЕТИКАЛЫК САБАТТУУЛУККА ТАРБИЯЛООНУН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРИ
Макалада живопись аркылуу окуучулардын көркөм – эстетикалык сабаттуулугун калыптандыруунун айрым маселелери каралган. Жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын көркөм сабаттуулугун калыптандырууда живопись тарбия каражаттары катары да кызмат кыла тургандыгы белгиленген. Окуучулар негизги түстөр, спектр түстөрү, жылуу жана салкын түстөр, түстүк гамма жана колорит сыяктуу түшүнүктөрдү өздөштүрүүнүн натыйжасында живопистик чыгармалардын мазмунун окуп үйрөнүүгө жетишээри жөнүндө учкай айтылат. Мындан сырткары түстөрдүн адамдын аң сезимине тийгизген психологиялык таасирлери баяндалат жана түстөрдүн мындай касиеттерин тематикалык композицияларды түзүүдө колдонуу көркөм чыгармачылык поцесстерге бир топ жеңилдик бере тургандыгы айкын баяндалат. Живопись окуучунун ички жан дүйнөсүн ойготуп, образдуу ой жүгүртүүсүн өнүктүрө тургандыгы жана көркөм табитин калыптандырууга да өбөлгө боло ала тургандыгы айтылат. Ошондой эле көркөм кабыл алуу – көркөм чыгармаларын түшүнүү жана алардан таасир алуу, эстетикалык ой жүгүртүү – кооздукка байланыштуу түшүнүктөрдү, баалоолорду иштеп чыгуу өңдүү көркөм – эстетикалык сабаттуулуктун структуралык компоненттери белгиленген.
Сведения
- Опубликовано
- 2025 · № 1(5), С. 83-89
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8823
- Издатель
- Osh State University