КЫРГЫЗДЫН САЛТТУУ МАДАНИЯТЫНДАГЫ КОМУЗДУН ОРДУ
Бул макалада кыргыз улуттук-профессионалдык маданиятындагы жаңыдан калыптанган комуздун орду жана улуттук музыкадагы улуттук оркестрдин жаралуу тарыхына мифологиялык жана философиялык ойлорду жеткирүүгө аракет жасалды. Ошол эле учурда кыргыз маданиятындагы комуздун жаралуу тарыхы, мифологиясы миң жылдык тарыхты карманып келүүсү баяндалат. Ал аркылуу элдердин каада салты, үрп-адаты учук улуап элдердин жашоосунун ыргагын кооздоп, барлыгын аздектеп көмөктөш-тектеш болуп келген. Кыргыздар комузун кайсыл улуттун той-тамашасына барбасын өзү менен кошо көтөрүп жүргөн. Комуз - кыргыз улуттук кылассикалык музыка аспаптарынын бири. Бул улуттук аспаптын жоктон бар болуп, барлыкка келиши, жаралышы жөнүндө, ар түрдүү уламыш, болмуш, жомоктор ооздон-оозго өтүп айтылып келет. Комуздун табылышы жөнүндө бабалардан-балдарга, байыркылардан-кийинкилерге, укумдан-тукумга ооз эки айтылып келе жаткан бул ата мурас жаңы тил илиминде фольклордук-салттык маданият багытында өнүгүү түшүнүгүнө ээ болууда. Демек, бул илимий-чыгармачылык багытта улуттук музыкалык аспаптар көптөгөн изилдөөлөргө муктаж. Сан эсепсиз улуттук санжырабыз, музыкалык аспаптарыбыз жөнүндө айтыла турган кептер фольклордук-салттык иликтөөлөрдүн өбөлгөсү болмокчу.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 2(4), С. 76-81
- Язык
- Русский
- ISSN
- 1694-8823
- Издатель
- Osh State University