Central AsianResearch Index

ЫРДОО ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ БАГЫТ БЕРҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫ

Бул макалада жаңыдан ырдоого далалат кылган студенттер үчүн ыр башатына жол алуу максаты коюлат. Ырдоо сабаттуулугун жоюуудагы алгачкы билим, билимге карай умтулуу, аны сиңирип, андан өндүрүмдүү ырдоо жыйынтыгын чыгаруунун ыкмаларын калыптандыруу маселесин актуалдуу тема кылып барабыз. Кыргыздын улуттук ырдоо жанрынын түптөлүшү учурдагы профессионалдык композиторлордун келиши менен жаралды деген ойду экинчи планга таштап, “Тоо булбулу - Токтогул”, сыяктуу чакырык сөздөрдүн болуп келгенин жана анын чындыгы бар экенин даңазалагыбыз келди. Элдик ыр өнөрүнүн өсүшүнө чоң салым кошкон Сайра Кийизбаева, Мыскал Өмүрканова, Кайыргүл Сартбаева, Салийма Бекмуратовалардын кыргыз ырларын өзгөрүнүн сабаттуулуктарын жоюу менен бир катарда классикалык профессионализмге алып барышын себеп кылууга далалат жасайбыз. Бүткүл адамзаттын өз убагындагы татаал жашоосун, орчундуу маселелерин ичине камтыган социалисттик доордогу калыптануунун бир бөлүгү катары “ыр өнөрү” боюнча кеп кылынды. Демек, биз изилдей турган “ыр өнөрүнүн” кыргыз маданиятындагы орду жөнүндө болмокчу.

Сведения

Опубликовано
2024 · № 1(3), С. 39-45
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8823
Издатель
Osh State University