Central AsianResearch Index

КЫРГЫЗ МУЗЫКАЛЫК ФОЛЬКЛОРУНУН БАШАТЫ

Кыргыздардын жашоо үчүн күрөшүүдө, калк сыпатында сакталып калышы, өздүк маданияты менен жанаша жашаган элдердин ичинен ордун табуусунда. Алсак, өзбек, казак, түркмөн элдеринин оозеки жана улуу кытай жазма маалыматында Орто Азия элдеринин эң байыркыларынын бири, түрк урууларынын арасынан өзгөчөсү деп аталбаса керек эле. Кыргыздар көчмөн турмушта жашап өздөрүнүн каада-салт, үрп-адаты жашоо тиричилиги географиялык абалынын негизинде өзүнүн жалпы маданияты калыптанып өсүп өнүгүп – келген эл. Ал эми музыкалык маданияты элибиздин жашап өткөн тарыхый мезгилинде түрдүү жанрларды өз ичине камтып, уламдан улам байытып олтуруп, коңушу элдердин ээсине дүрбөлөң маданияты менен эсте калып бүгүнкү деңгээлине жеткен. Андыктан кыргыз маданиятынын жазма булактарга өткөнгө чейинки доорун фольклор менен байлоо туура эле болот. Фольклор - эл чыгармачылыгы жөнүндөгү илим. Фольклористикада калайык жараткан (оозеки көркөм чыгарма, ыр, музыка, бий, драма жана башка) коллективдүү чыгармачылык изилденет. Кыргыз фольклористикасынын изилдениши, анын тарыхы совет доорунан башталат. Бул макалада кыргыз фольклористтеринин алгачкы изилдөөлөрү, анда элдик музыканын табияты, жанрлары жана ладдык өзгөчөлүктөрү баяндалып кыргыз фольклорунун тарыхын изилдөөчү фольклористтердин баалуу эмгектеринин маани-маңызы чечмеленет.

Сведения

Опубликовано
2023 · № 2(2), С. 62-68
Язык
Русский
Цитирований
1
ISSN
1694-8823
Издатель
Osh State University