ИНТЕРАКТИВДҮҮ ПРЕЗЕНТАЦИЯЛАР САБАККА КЫЗЫКТЫРУУ КАРАЖАТЫ КАТАРЫ
Бүгүнкү күндө жаш өспүрүмдөрдүн комньютерге болгон кызыгуусу пайда болуп, компьютердик оюндар менен ойноо көндүмдөрү белгилүү бир деңгээлде калыптана баштагандыгы баарыбызга белгилүү. Азыркы учурда окуучуга жеткиликтүү, терең билим берүүчү окутуунун жөнөкөй технологиясын иштеп чыгуу зарылдыгы жаралууда. Мектеп окуучулары компьютер менен иштөөгө өтө берилип, ага ыктап бара жаткандыгы белгилүү. Мугалимге караганда компьютер менен мамилелешуү алар учүн алда канча кызыктуу туюлат. Ошондуктан, мектепте маалымат-коммунукациялык технологияларды сабакта колдонууну кенири жайылтуу талап кылынып, түрдүү сайттардын жардамында тапшырмаларды түзүп, окуучуларды сабакка кызыктыруу милдети турат. Компьютердик технологияны, интерактивдүү досканы бүгүнкү күндөгү сабактарда пайдалануу, окутуунун денгээлин жогорулатат. Ушул максатта макалада математиканы окутууда интерактивдүү көнүгүүлөрдү кантип түзүп, колдонууга боло тургандыгы жөнүндө сөз болот. Макалада Quizziz, Peardeck, Mentiemeter, LearningApps cыяктуу платформаларына токтолуп, алардын жардамында интерактивдүү көнүгүүлөрдү иштеп чыгып, колдонуу каралган.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 2(5), С. 48-54
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8742
- Издатель
- Osh State University