Central AsianResearch Index

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЕКТТИН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

Макала билим берүү чөйрөсүндө, атап айтканда университетте, билим берүү мекемелеринде жасалма интеллектти колдонууга арналган. Жасалма интеллектти университеттин окуу процессине интеграциялоонун негизги артыкчылыктары көрсөтүлүп, бул процесске байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору белгиленет. Жасалма интеллект - бул маалыматтардын негизинде жаңы билимдерди жаратууга, билим берүү процессин оптималдаштырууга жана жеке билим берүү тажрыйбасын жакшыртууга мүмкүндүк берген технология. ЖИтин системалары окуучулардын кызыгууларын, жөндөмдөрүн жана билим деңгээлин эске алып, индивидуалдуу программаларды сунуштай алат. Мында, онлайн платформалар, виртуалдык мугалимдер жана автоматташтырылган тестирлөө системалары аркылуу билим берүү тармагындагы инновациялардын саны көбөйүүдө. Макаланын авторлору жасалма интеллект эффективдүү билим берүү процессин уюштурууга көмөктөшүүчү көп сандагы ар кандай операцияларды оптималдаштырууга мүмкүндүк берген функционалдык курал деген тыянакка менен жыйынтыктайт.

Сведения

Опубликовано
2024 · № 2(5), С. 105-110
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8742
Издатель
Osh State University