Central AsianResearch Index

ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖДИН СТУДЕНТТЕРИНЕ МАТЕМАТИКАЛЫК ТҮШҮНҮКТӨРДҮ КАЛЫПТАНДЫРУУДА БИЛИМДЕРДИ ИНТЕГРАЦИЯЛООНУН РОЛУ

Макала педагогикалык колледждин студенттерине математикалык түшүнүктөрдү калыптандырууда кесиптик көндүмдөрдү алуу үчүн математика предметин башка предметтер менен интеграциялап окутуунун өзгөчөлүктөрүнө жана маанисине арналды. Макалада башталгыч мектеп окуучуларынын окуу процессинин алкагында математиканы мекен таануу, көркөм өнөр жана башка предметтер менен интеграциялап окутуунун өзгөчөлүктөрү берилди. Интеграцияланган сабактар дүйнөнүн бирдиктүү илимий картинасы жөнүндө түшүнүктөрдү калыптандырууга көмөктөшөт, билим алуучулардын билимдерди өздөштүрүү потенциалын, ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, когнитивдик кызыгууну арттырууга, туруктуу көңүл бурууну өнүктүрүүгө кызмат кылат. Интеграцияланган сабактар аркылуу предметтер аралык байланыштарды ишке ашыруу математикалык түшүнүктѳрдү өздөштүрүүдөгү формалдуулуктарды жоюуга жардам берип, педагогикалык колледждин студенттери үчүн кесиптик көндүмдөрдү калыптандырат.

Сведения

Опубликовано
2023 · № 2(3), С. 58-67
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8742
Издатель
Osh State University