ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА ОКУТУУНУН НАТЫЙЖАЛАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУНУН УСУЛУ
Бул макалада окутуунун кредиттик технология шартында жогорку кесиптик билим берүүнүн программалары талдоого алынып, тиешелүү багыттар боюнча мамлекеттик стандарттарга ылайык негизги билим берүү программасын (НББП) түзүүнүн ыкмалары каралат. Ошондой эле негизги билим берүү программасын компетенттүүлүктүн негизинде иштеп чыгуудагы талаптар, аларды ишке ашыруу боюнча усулдук ыкмалар жана НББПны билим берүү процессинде эффективдүү колдонуу жолдору иликтенет. Андан сырткары окутуунун натыйжаларын жана компетенциялардын картасын (матрицасын) иштеп чыгуунун жөнөкөй усулу берилет. Коюлган маселени талдоо жана үйрөнүү «Физика-математикалык» билим берүү (бакалавр) багытынын мисалында каралат. Ал эми калган билим берүү багыттарына салыштырып колдонуу ыкмалары көрсөтүлөт. Макалада баяндалган сунуштар жана компетенттүүлүктүн негизинде окутуунун натыйжаларын иштеп чыгуу усулдары жогорку окуу жайлардын окуу процессинде аталган багыт боюнча НББПны түзүүдө жана эффективдүү ишке ашырууда чоң өбөлгө болот.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 2(3), С. 52-57
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8742
- Издатель
- Osh State University