Central AsianResearch Index

САНДАН – САНАРИПКЕ ЧЕЙИН: ЖАҢЫ ДООРДОГУ МАТЕМАТИКАЛЫК БИЛИМ АЛУУ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН НЕГИЗДЕРИ

Бул макалада, кабыл алынып, ишке кирише баштаган жаңы муундагы мамлекеттик стандарттарды мектепте жана жогорку окуу жайларындагы окуу процессинде практикалык жактан ишке ашыруу маселелерине карата иштелип чыккан айрым бир тажырыйбалар жөнүндө сөз болуп жатат. Предметтик стандартта көрсөтүлгөн математикалык билим берүүнүн максаты жана милдеттерине байланыштуу окуучулар турмуштук практикалык маселелерди чечүү үчүн даяр, далилденген математикалык моделдерди - аппараттарды колдоно билиши керек. Ошондуктан, студенттерге макалада көрсөтүлгөндөй прикладдык математика курсун окутуу зарыл. Ошондой эле макалада математикалык билим берүүнү өз ара жайылтууда интеграциялоо маселелери жана математикалык мазмундун өз ара байланышы каралат. Бул учурда, математика, албетте, окутуу жараянынын жуурулушуу үзгүлтүксүздүгү байкалган, дифференцияланган жана толук калыптанган системага айланат. Сабактар аралык интеграциянын негизинде математика курсунда профильге багытталган ыкманы колдонот.

Сведения

Опубликовано
2023 · № 2(3), С. 29-36
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8742
Издатель
Osh State University