Central AsianResearch Index

КЫРГЫЗСТАНДЫН ШАРТЫНДА ДЕН СООЛУГУНАН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРГА МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУДА МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ

Учурда Кыргызстандын мугалимдери жана окумуштуулары бир добуштан: билим берүүнүн салттуу формалары эскиргендеген ойду айтып жатышат. Дегеле окуучулардын, алардын ичинен мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын көңүлүн буруу үчүн биринчи кезекте маалыматтык технологияларды пайдалануу азыркы талап болуп калды. Заманбап кыргыз билим берүүсү мүмкүнчүлүгү чектелген ар бир окуучу өзүнө керектүү билим ала тургандай шарттарды түзүп, математика сабагында ар бир башталгыч класстын окуучусунун ички потенциалын ачууга, анын өзүн-өзү ишке ашыруу жолунда кыймылына көмөктөшүшү керек. Кыргыз коомун жана билим берүүнү маалыматташтыруу, маалыматтык технологияларды жана жаңы маалыматтык технологияларды өнүктүрүү объективдүү жана табигый процесс. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутууда математика сабагында маалыматтык технологияларды колдонуу, анын ичинде ар кандай маалымат агымында багыт алуу, өз алдынча медиа объектилерди түзүү жөндөмүн камтыйт. Ошондуктан, салттуу сабакты кайра куруу, билим берүү тармагына басым жасоо азыркы коомдун жана адамдын талаптары. Маалыматтык технологияларды жыйынтыктап жатып, билим берүүнүн заманбап каражаттарын, ыкмаларын жана формаларын колдонуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун зарыл шарты экенин белгилей кетүү керек.

Сведения

Опубликовано
2023 · № 2(3), С. 77-83
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8742
Издатель
Osh State University