Central AsianResearch Index

ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮНҮН МАКСАТТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУДА МАТЕМАТИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕРДИН ОРДУ

Бул макалада туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча 193 мамлекет мүчө болгон БУУ 2015-жылдын 25-сентябрында кабыл алган милдеттенмелер каралган. Туруктуу өнүгүү максаттары – бул эл аралык коомчулуктун алдында турган жакынкы 15 жылда теңсиздик менен жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу жана дүйнөнү куруу, мында биздин урпактардын татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17 максатты жана 169 милдеттерди ишке ашырууда мектеп билим берүүсүндө математикалык маселелердин ролу каралды. Математикалык маселелер туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда, б.а. ресурстарды пайдаланууну оптималдаштырууга, климаттын өзгөрүшүн болжолдоого жана жооп берүүгө, теңсиздикти азайтууга, билим берүүнү жана инновацияны өнүктүрүүгө кайдигер болбой салымын кошо ала турган окуучуларды калыптандырат.

Сведения

Опубликовано
2024 · № 1(4), С. 67-74
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8742
Издатель
Osh State University