МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА ИНТЕРАКТИВДҮҮ ТАПШЫРМАЛАРДЫН ЖАРДАМЫНДА ОКУУЧУЛАРДЫН МААЛЫМАТТЫК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ
макалада математика сабагында интерактивдүү тапшырмаларды колдонуу ыкмалары каралат. Азыркы учурда заманбап маалыматтык технологияларды тынымсыз өнүктүрүү заманбап технологиялардын жардамы менен окуу процессин уюштурууну талап кылат. Маселелерди чечүүдө заманбап маалыматтык технологиялардын мааниси абдан чоң. Бул көз караштан алганда, билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде коюлган милдеттерге жетишүү үчүн сапаттуу билим берүү аракеттери көрүлүп, окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдору жана каражаттары жигердүү колдонулууда. Учурда ар кандай багыттарда колдонулган көптөгөн интернет тиркемелери бар. Макалабызда окуучулардын предметке болгон кызыгуусун арттыруу, кызыктуу сабакты уюштуруу жана окуучулардын маалыматтык компетенттүүлүгүн калыптандыруу үчүн ар кандай онлайн платформаларды колдонуу менен интерактивдүү тапшырмаларды түзүү жана колдонуу жолдору каралды. Учурда ар кандай багыттарда колдонулган көптөгөн интернет тиркемелери бар. Алардын арасында LearningApps, Padlet, Wizer.me колдонуучуларды түшүнүктүүлүгү, жөнөкөйлүгү жана эффективдүүлүгү менен кызыктырган онлайн платформалар жөнүндө сөз кылабыз. Биздин коомдун терең билимге, кесиптик көндүмдөргө ээ компетенттүү адистерге болгон муктаждыгы, билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр жана программалык каражаттарды күн сайын жаңыртып туруу окуучуларга компетенттүү мамиле жасоо менен сабактарды уюштуруу зарылчылыгына алып келди
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 1(4), С. 22-31
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8742
- Издатель
- Osh State University