Central AsianResearch Index

ИНФОРМАТИКАНЫ ОКУТУУДА КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК МАМИЛЕ НЕГИЗ КАТАРЫ

Студенттер информатика предметин өздөштөрүүдө кайсы компетенцияларга ээ болушун билүүсү керек. Башка предметтерден информатика предметинин өзгөчөлүгү эмнеде экенин билишет. Алар окутуунун натыйжасында кандай компетенцияларга ээ болушун аныкташат. Заманбап адис болушу үчүн кандай компетенцияларга ээ болуштарын билүүсү зарыл. Окутууда компетенттүүлүк мамиленин негизин түшүнүшөт. Информатика предметин окутууда да компетенттүүлүк мамиле маанилүү, ошондой эле компетенцияларды өнүктүрүүнүн усулдары каралды. Студенттер информатика предметин окууда бир гана теориялык билим алуу менен чектелбей, келечекте компетенттүү адис болушу үчүн тиешелүү компетенттүү көндүмдөргө ээ болот. Студенттерге ЖОЖдо гана эмес, үй-бүлөдө да, досторунун арасында да, келечекте өндүрүштүк ишмердүүлүктө да компетенттүүлүк көндүмдөр маанилүү таасирин берерин түшүнүштөрү керек.

Сведения

Опубликовано
2024 · № 1(4), С. 15-21
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8742
Издатель
Osh State University