КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ КИЧИ ЖАНА ОРТО ИШКАНАЛАРДЫН РОЛУ ЖАНА ӨНҮГҮҮСҮ
Макалада чакан жана орто бизнестин Кыргыз Республикасынын экономикасындагы ролу жана республиканын экономикасына кошкон салымы каралып, чакан жана орто бизнестин статистикалык талдоосу жүргүзүлгөн. Корреляциялык жана регрессиялык анализдин жардамы менен Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча чакан жана орто бизнестин өнүгүүсү изилденген. Аймактар боюнча кичи жана орто бизнес үчүн акыркы беш жылга прогноз түзүлдү. Ишкердикти колдоо жана стимулдаштыруу үчүн өзүнчө финансылык жана кредиттик механизмдер сунушталган.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 1(4), С. 45-51
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8734
- Издатель
- Osh State University