Central AsianResearch Index

КӨКБӨРҮ КОМАНДАЛАРЫНАН УТУЛУП КАЛГАН АТ МЕНЕН ЧАБАНДЫН ГЕМАТОЛОГИЯЛЫК ЖАНА БИОХИМИЯЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮНҮН ОРТОСУНДАГЫ КОРРЕЛЯЦИЯ

Сунушталган долбоордо салттуу командалык ат оюну болгон Көк бөрүдөгү чабандес менен аттын ортосундагы стресс, заттар алмашуу жана физиологиялык параметрлеринин ортосундагы карым-катнаштын деңгээлине жеңүү жана жеңилүүнүн таасирин аныктоо пландаштырылган. Бул үчүн оюн башталганга чейин жана башталгандан кийин Көк бөрү оюнуна катышкан 4 команданын аттарынан да, чабандестеринен да кан алынат. Алынган кан үлгүлөрүндөн биохимиялык жана гематологиялык анализдери автоанализатордун жардамы менен жүргүзүлөт. Андан кийин алынган маалыматтар аттардын, алардын чабандестеринин жана командаларынын ортосундагы жеӊүү-жеӊилүү кырдаалына жараша статистикалык талдоого алынды. Натыйжада, жеңилген командаларда гематологиялык көрсөткүчтөрүнүн дээрлик көпчүлүгүндө оюнга чейин жана оюндан кийин оң жана терс корреляция бар экендиги аныкталган. Жеңилген командалардын оюнга чейин аттар менен чабандестердин K менен CK жана TP көрсөткүчтөрү ортосунда, AP менен ALT, AST менен Na көрсөткүчтөрү ортосунда, Na менен AP жана CK көрсөткүчтөрү ортосунда, Mg менен ALB жана CREA көрсөткүчтөрү ортосунда, Cl менен TP көрсөткүчтөрү ортосунда негатив корреляция бар экендиги аныкталды. Ошондой эле, оюндан кийин аттар менен чабандестердин AST менен Na, Mg менен K көрсөткүчтөрү ортосунда негатив корреляция бар экендиги аныкталды. Жыйынтыгында,, алынган маалыматтарды эске алганда оюнга чейин жана оюндан кийин ат жана чабандестин гематологиялык параметрларынын дээрлик копчулугундо оң жана терс багыттагы байланыштар бар экендиги аныкталды. Ошондой эле, биохимиялык параметрлар оюнга чейин жана андан кийин терс багыттагы корреляцияга ээ экендиги аныкталды. Бул жагдай жеңилген командалардагы ат менен чабандесинин бири-бирине тийгизген терс таасири катары чечмеленди.

Сведения

Опубликовано
2024 · № 2(7), С. 23-40
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8696
Издатель
Osh State University