ЭЛДИК КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК БОЮНЧА ИЛИМИЙ АДАБИЯТТАРДЫН ОБЗОРУ: ТАРМАКТЫК КӨЗ КАРАШТАР
Бул макалада элдик кол өнөрчүлүк өзүнчө тармак катары илимий жактан изилдөөсү каралган. Негизинен кол өнөрчүлүктүн тарыхый, маданият таануучулук, искусство таануучулук, педагогикалык, экономикалык жана экономикалык-географиялык өнүгүү жана жайгашуу аспектилери келтирилет. Аталган тармактын территориялык (аймактык) өнүгүүсү Россия жана анын айрым аймактары (Санкт-Петербург, Урал, Иваново областы, Алтай, Дагестан, Кабардино-Балкария), Азербайжан, Өзбекстан ж.б. мисалында каралган. Бул илимий иштердин негизги максаты кол өнөрчүлүктүн экономикалык маңызын, территориялык жайгашуусун, анын социалдык себептерин жана өнүгүү факторлорун изилдөөгө комплекстүү концептуалдык мамиле түзүү болуп эсептелет. Ошондой эле коомдо кол өнөрчүлүк өндүрүшүн сактап калууга жана аны өнүккөн экономикалык формаларга айлантууга көмөктөшүүчү институттук чөйрөнүн зарылдыгы аныкталат
Сведения
- Опубликовано
- 2025 · № 2(7), С. 58-66
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8688
- Издатель
- Osh State University