ЭЛДИК КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮКТҮ МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН КОЛДОО МАСЕЛЕСИНЕ
Бул макалада элдик кол өнөрчүлүктү мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо маселеси каралат. Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иши жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин бул тармакты өнүктүрүү боюнча Жарлыгынын мисалында талдоо жасалат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин элдик кол өнөрчүлүктү камтыган өнүгүү программалары каралат. Негизинен алганда, биздин өлкөдө кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча укуктук документтер жетиштүү деңгээлде, ошол документтер иш жүзүнө кантип ашып жатканын көзөмөлгө алуу учурдун талабы деп эсептейбиз
Сведения
- Опубликовано
- 2025 · № 2(7), С. 51-57
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8688
- Издатель
- Osh State University