Central AsianResearch Index

БИОМЕТАЛЛДАРДЫН СУЛЬФАТТАРЫНЫН ОРГАНИКАЛЫК ЛИГАНДАЛАР МЕНЕН КОМПЛЕКС ПАЙДА КЫЛУУСУ

Берилген макалада жездин, цинктин сульфаттарынын учурдагы актуалдуу деп эсептелинген антибиотиктери болгон лоперамид, кларитромицин жана бисептол препараттары менен болгон комплекстик бирикмелерин препаративдик метод менен синтездөө шарттары чагылдырылды. Синтездөөнүн алдында лоперамид, кларитромицин жана бисептол атайын методика боюнча кошумча тазаланды. Синтездөөнүн түрдүү варианттары сунуш кылынып, эң оптималдуу болгон металл-лиганддын катышы 1:1ге барабар экендиги аныкталып чыгылды. Синтездделген комплекстик бирикмелердин составына элементтик анализдер жүргүзүлүп, жездин, цинктин, көмүртектин, суутектин, азоттун, күкүрттүн кармалышы аныкталды жана синтезделген комплекстик бирикмелер жаңы бирикмелер экендиги тастыкталды. Элементтик анализдерди жүргүзүүдө комплексонометриялык, атомдук-адсорбциялык, кычкылтектин агымында күйгүзүү, салмактык жана Дьюманын методдору колдонулду

Сведения

Опубликовано
2025 · № 1(6), С. 71-76
Язык
Русский
ISSN
1694-8688
Издатель
Osh State University