Central AsianResearch Index

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮГҮНДӨГҮ СЫМАП-СУРЬМА ПРОВИНЦИЯСЫНДАГЫ ТОПУРАК КАТМАРЫНЫН ООР МЕТАЛЛДАР МЕНЕН БУЛГАНУУСУ

Бул изилдөө Борбордук Азиянын Айдаркен, Чаувай жана Улуу-Тоо сымап кендеринин биогеохимиялык аймактарында топурактын оор металлдар менен техногендик булгануу деңгээлин комплекс түрдө аныктоого арналган. Узак мөөнөттүү иштетүү жана сымап кендеринин минералдык түзүлүшү топурактын химиялык курамына олуттуу таасир эткен, анын ичинде сымап (Hg), сурьма (Sb), коргошун (Pb), жез (Cu) жана башка оор металлдардын концентрациялары нормадан бир нече эсе жогору экендиги белгилүү болду. Изилдөөнүн методикасында топурактын үлгүлөрүндө оор металлдардын концентрациясын спектралдык, инверсиялык вольт-амперометриялык жана сымапты аныктоодо атомдук-абсорбциондук ыкмалар колдонулду. Айдаркен аймагындагы топуракта сымаптын концентрациясынын техногендик коэффициенти 27,5тен 766,2ге чейин өзгөрүп, санитардык-гигиеналык чектен бир нече эсе жогору экендиги аныкталды. Чаувай жана Улуу-Тоо кендериндеги изилдөөлөрдө оор металлдардын концентрациялары салыштырмалуу төмөн болсо да, узак мөөнөттүү мониторинг жүргүзүү зарылчылыгы бар

Сведения

Опубликовано
2025 · № 1(6), С. 56-62
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8688
Издатель
Osh State University