Central AsianResearch Index

ХИМИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУДА АЛГЕБРАЛЫК ТЕҢДЕМЕЛЕРДИ КОЛДОНУУ

Бул статьяда химиялык формуланы, химиялык реакциянын теңдемелерин жазуу менен аралашмалардагы заттардын массалык үлүшүн табууда жана концентрациясы төмөн эритмелерге эритмедеги эриген затты кошуу менен концентрациясын жогорулатууда алгебралык теңдемелерди колдонуу менен химиялык маселенин чыгарылышы көрсөтүлгөн. Негизги максат химиялык маселелерди чыгарууда алгебралык теңдемелерди колдонуудагы артыкчылыктар көрсөтүлгөн жана болочок мугалимдин математикага болгон кызыгуусун арттыруу. Химиялык маселелерди чыгаруу билимди бекемдөөгө, кеңейтүүгө жана химиялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган акыл-эс жана практикалык аракеттерди жасоону талап кылган модель. 550100- табигый илимий билим берүү, 520100- химия, багытындагы студенттерге химиядан маселени алгебралык теңдемелерди колдонуу менен чыгаруудагы өзгөчөлүктөрдү, артыкчылыктарды көрсөтүү. Заманбап химия математика, физика, биология менен тыгыз байланышта болгондуктан, азыркы учурда табият тануу илимдеринин байланыштырган химиялык маселелер көп колдонууда, ошондуктан келечектеги мугалимди ар тараптуу өнүктүрүү замандын талабы

Сведения

Опубликовано
2025 · № 1(6), С. 25-30
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8688
Издатель
Osh State University