ИЧИЛҮҮЧҮ ЖАНА ЧАРБАЛЫК МАКСАТТА КОЛДОНУЛУУЧУ СУУЛАРДЫН САПАТЫН АНЫКТОО ҮЧҮН ГИДРОХИМИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР
Макалада Баткен областынын аймагындагы Ак-Суу, Исфайрам-Сай, Гавиан жана Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районунун аймагындагы Ала-Бука- Сай, Чанач-Сай, Терек-Сай сууларынын мисалында “Ичилүүчү жана чарбалык максатта колдонулуучу суулардын сапатын аныктоо үчүн гидрохимиялык изилдөөлөр” жүргүзүлгөндүгү баяндалат. Гидрохимиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында Гавиан, Ак-Суу, Исфайрам-Сай сууларынын курамында СО32- - ионунун жана жалпы шордуулуктун чектүү нормадан жогору экендигин аныкталган. Ошондой эле Ала-Бука-Сай суусунда НСО3-, СО32- иондорунун, жалпы шордуулуктун, NH4+, СО32- иондорунун жана жалпы шордуулуктун чектүү нормага караганда көп экени аныкталган. Жалпы шордуулукту жана карбонаттуу шордуулукту жоюп туруп, анан пайдалануу сунуш кылынган. Аныкталган башка көрсөткүчтөрдүн химиялык анализинин жыйынтыктары чектүү нормадан ашпагандыгы белгиленген
Сведения
- Опубликовано
- 2025 · № 1(6), С. 77-89
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8688
- Издатель
- Osh State University