Central AsianResearch Index

«САРКЕНТ» МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНЫНЫ АЙМАГЫНДА КАДИМКИ ТООТЕКЕЛЕРДИН (Capra (Ibex) sibirica Pallas, 1776) САНЫ ЖАНА ДИНАМИКАСЫ

Макалада 2012-2019-жылдры «Саркент» МЖПнын аймагында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында сибир тоо текесинин (Capra (Ibex) sibirica Pallas, 1776) таралуу өзгөчөлүктөрү жана динамикалык көрсөткүчтөрү берилген. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында сибир тоо текелеринин баш саны, ар кандай ландшафтарда бирдей эмес. Алардын таралуу жыштыгын 1000гектарга алганда 2,90 ± 0,06 баштан 14,77± 0,16 башка чейин өзгөрүп турат. Ал эми алардын динамикалык көрсөткүчү адегенде бир топ жогорулап, бул көрсөткүч 23,51±1,25%ды түзсө, кийинки жылдарда бул көрсөткүч 14,74±1,10%га чейин төмөндөгөн. Демек, сибир тоо текелеринин сандык жана динамикалык көрсөткүчүнүн мындай олку-солку болушун, алардын жүрүм-турум этологиясы жана жайыттын тардыгы, биринчи кезекте үй жаныбарлары менен трофикалык атаандаштыгынын күчөп баратышы менен байланыштырууга болот

Сведения

Опубликовано
2024 · № 2(5), С. 13-23
Язык
Русский
ISSN
1694-8688
Издатель
Osh State University