«САРКЕНТ» МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНЫН ЧЫЧКАН СЫМАЛ (Muridae) КЕМИРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН ВЕРТИКАЛДУУ ЖАНА ГОРИЗОНТАЛДУУ ТАРАЛУУСУ
Макалада 2015-2020 - жылдар аралыгында «Саркент» МЖПнын аймагында жүргүзүлгөн экспедициянын негизинде чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн түрдүк курамы, отурукташуу жыштыгы боюнча жыйналган маалыматтарынын жыйынтыгы берилген. Натыйжада, парктын аймагынан чычкан сымал кемирүүчүлөргө мүнөздүү 7 түр Alticola argentatus, Microtus carruthersigalis, Apodemus sylvaticus, Mus musculus, Rattus turkestanicus, Microtus (M.) arvalis, Ellobius (E.) tancrei аныкталды. Доминанттык түр катары Apodemus sylvaticu, жалпы кармалган жаныбарлардын 43,7±2,18%, субдоминант Mus musculus - 18,2±1,70% түзөт. Чычкан сымал кемирүүчүлөр үчүн бир кыйла жагымдуу биотоптор дарак-бадал өскөн суу жээктери, арча, бадал токойлору. Alticola argentatus жана Microtus carruthersigalis экологиялык жактан ийкемдүү экендиги аныкталды. Демек, чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн ар кайсыл түрлөрүнүн өздөрүнүн жагымдуу биотоптору болуу менен алардын таралуусу жана отурукташуу жыштыгы бир келки эместиги аныкталды.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 1(4), С. 23-32
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8688
- Издатель
- Osh State University