ТҮШТҮК КЫРГЫЗСТАНДЫН ОРТО ТОО БИЙИКТИК АЛКАГЫНЫН ЧЫЧКАН СЫМАЛ КЕМИРҮҮЧҮЛӨРҮ
Бул макалада Түштүк Кыргызстанда орто тоо бийиктик алкактарын байырлаган чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн 8 түрүнүн 7 ландшафт (карагай, арча, бадал, табигый жээк өзөн токойлору, агроценоздор, антропогедик-селитебдик, шагал таштуу боорлор) боюнча сандык бөлүштүрүлүшүн жана таралышын изилдөө жыйынтыктары берилген. Изилдөө жыйынтыктары чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн ичинен доминанттык орунду токой чычканы үлүштүк катышы (27,4±0,83 %) ал эми, субдоминанттык орунду түркестан келемиши (13,7±0,64%) ээледи. Ландшафттар боюнча кемирүүчүлөрдүн түрдүк курамы арча, карагай жана табигый жээк өзөн токойлорунда басымдуулук кылып 4төн түрдүн байырлаганы жана алардын пайыздык үлүшү (33,9±0,88 %), (22,8±0,78 %), 15,88±0,68% ди түздү.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 1(4), С. 159-165
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8688
- Издатель
- Osh State University