КАРА-СУУ ШААРЫНЫН КИРОВ АЙЫЛЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫНДАГЫ ГАРДНЕРЕЛЛА (GARDNERELLA VAGINALIS) ООРУ КОЗГОГУЧТАРЫ
Бул макалада Кара-Суу шаарына караштуу Киров айылындагы жашоочулардан Герднерелла (gardnerella vaginalis) оору козгогучу менен ооруган адамдар изилденген. Жыйынтыгында гинекологиялык жактан ооруган аялдар, төрөбөгөн аялдар, кош бойлуу аялдар, сойкулук менен алектенгендер гарднереллез оорусуна кабылгандыгы аныкталды. Салыштырмалуу эркек кишилер изилденип оорулуулары такталды. Киров айылындагы оорубаган адамдардын лейкоциттеринин сандык көрсөткүчү 14,1±4,8 түзгөн ал эми (Gardnerella vaginalis) оору козгогучу табылган жарандарда лейкоциттеринин сандык көрсөткүчү 69,1±18,3 түзүп оорулуулар такталды. Оорубаган аялдардын жатын моюунунан алынган мазоктогу лейкоциттердин сандык көрсөткүчү 18,8±3,6 түзгөн, Гарднереллез оорусу табылган жарандардын мазогундагы лейкоциттердин сандык көрсөткүчү 80,5±24,8 түзүп оорулуулар аныкталды. Аларга дарылоо иш чаралары сунушталды. Шаардык жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ооруну алдын алуу иш чаралары сунушталган. Ошондой эле жыныстык тарбияны туура түшүнүп, гигиенаны сактоо жана антибиотиктерди өз убагында колдонуу зарылдыгы эскертилди.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 1(4), С. 126-131
- Язык
- Русский
- ISSN
- 1694-8688
- Издатель
- Osh State University