АДЫР-ТАЛААЛАР БИОТОБУН БАЙЫРЛАГАН ТАРАНЧЫ СЫМАЛ (PASSERIFORMES) КАНАТТУУЛАР
Макалада, адамзаттын өнүгүү тенденциясынын натыйжасында урбанизация процессинин үстөмдүүлүк кылып бараткан учурундагы орнитофауналык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары иликтенген. Кыргызстандын түштүк аймагындагы урбанизацияланган экосистемаларынын адыр-талаалар биотобун байырлаган таранчы сымал (Passeriformes) канаттуулары изилденген. Натыйжада, изилденген биотопту байырлаган таранчы сымал канаттуулардын түрдүк курамы, абсолюттук сандык көрсөткүчтөрү, доминант жана субдоминаттык абалдарды ээлеген түрлөрү эсептелген жана жыйынтык чыгарылган. Ошондой эле, изилденген объектилердин жыл мезгилдериндеги түрлөрүнүн сандык жыштыктары, келип-кетүү мүнөздөрү, экологиялык топтору жана орнитофауналык калыптануусу изилденген. Изилденген биотопто таранчы сымал канаттуулардын 50 түрү аныкталган. Сандык көрсөткүчтөрү боюнча: доминанттык абалды - майна (13,47%), субдоминанттык абалды- ала дуңга мукуру (7,43%); ала карга (6,79%); чөкө таан (6,65%); молдо торгой (5,99%) түрлөрү ээледи.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 1(4), С. 94-106
- Язык
- Русский
- ISSN
- 1694-8688
- Издатель
- Osh State University