МЕКТЕПТЕ ГЕОГРАФИЯНЫ ОКУТУУ АРКЫЛУУ ИНСАНДЫ КАЛЫПТАНДЫРУУДАГЫ ЭКОЛОГИЯЛЫК ТААЛИМ ЖАНА ТАРБИЯ БЕРҮҮНҮН ОРДУ ЖАНА МААНИСИ
Маанилүүлүк. Кыргызстандын тоо экосистемаларын жана био артүрдүүлүгүн сактоо жана рационалдуу пайдалануу; токойлорду жана жайыттарды сактоо; экологиялык коопсуздук жана адамдын ден соолугу, суунун, топурактын, абанын сапаты, азык түлүк коопсуздугу; таштандыларды кайра иштетүүдө жана жер планетасынын глобалдык мыйзамдарын закон ченемдүүлүктөрүн, атмосфералык абанын абалын, булганышын байкоо менен студенттердин жаратылыштын сырларына болгон ойлорун, көз-карашын калыптандыруу жана жаратылышты коргоого багыттоо географияны окутууда инсанды калыптандырууда мааниси чоң. Экологиялык билим берүүнүн негизги мааниси айлана чөйрөгө, башка адамдарга эмоционалдуу, эрктүү мамиле кылуу тажрыйбасына ээ болуу. Азыркы учурда экологиялык түшүнүк - планетанын ар бир жашоочусунун экологиялык маданиятын, жоопкерчилигин калыптандырууга багытталган окутуу жана тарбиялоодогу үзгүлтүксүз процесс болуп саналат. Экологиялык билим берүүнү жана тарбиялоону ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн төмөнкү иштерди аткаруу керек.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 2(3), С. 33-38
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8688
- Издатель
- Osh State University