Central AsianResearch Index

ЭЛЕКТР УЧКУНДУК ДИСПЕРСТӨӨ МЕТОДУ МЕНЕН СИНТЕЗДЕЛГЕН (TIхVyMоz) C СИСТЕМАСЫНЫН ТАТААЛ КАРБИДДЕРИНИН КИСЛОТАЛАР МЕНЕН АРАКЕТТЕНИШИН ЖАНА АБАДАГЫ КЫЧКЫЛТЕК МЕНЕН КЫЧКЫЛДАНЫШЫН ИЗИЛДӨӨ

Макалада титан менен V0,2Mo0,8 жана V0,1Mo0,9 куймаларынан электр учкундук дисперстөө методу менен синтезделип алынган (TiхVуМоz)С татаал карбиддеринин абадагы кычкылтек менен 672, 873, 1173 К кычкылданышы, туз, күкүрт, азот кислоталары менен аракеттениши каралган. Титан менен V0,2Mo0,8 жана V0,1Mo0,9 куймаларынан пайда болгон татаал карбиддер отко чыдамдуулугу, жылуулук жана электр өткөргүчтүгү, ар кандай агрессивдүү чөйрөдө химиялык туруктуулугу менен айырмаланат. Электр учкундук дисперстөө методу менен синтезделип алынган (TiхVуМоz)С татаал карбиддеринин абадагы кычкылтек менен кычкылданууга термикалык туруктуулугу татаал карбиддердин курамындагы металлдардын катышынан, кислотада эричичтиги температурадан жана кислотанын жаратылышынан көз каранды.

Сведения

Опубликовано
2023 · № 1 (2), С. 35-39
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8688
Издатель
Osh State University