Central AsianResearch Index

ТАМЕКИ ӨСҮМДҮГҮНДӨ ЖАНА АНЫН ОРГАНДАРЫНДА (NICOTIANA T) НИКОТИНДИН ТОПТОЛУУ ДИНАМИКАСЫНА ТОПУРАКТЫН НЫМДУУЛУГУНУН ТААСИРИ

Топурактын нымдуулугунун жогорулашында тамеки өсүмдүгүнүн өсүүсүнүн күчөөсү негизинен жер үстүндөгү бөлүгүнүн өсүүсүнүн артыкча күчөөсү менен аныкталат. Көчөттөрдү көчүрүп отургузуудан кийин биринчи мезгилде топурактын төмөндөтүлгөн нымдуулугунда (25%) тамырдык системанын өсүүсү жогорулатылган нымдуулуктагыга (80%) караганда күчтүрөөк болушу мүмкүн. Андан кийинки мезгилде «нымдуу» варианттагы өсүмдүктөрдүн тамырдык системасы«кургак» варианттагы өсүмдүктөргө салыштырмалуу тезирээк өсө башташат. Өсүмдүктөрдү көчүрүп отургузгандан кийинки өнүгүүсүнүн биринчи мезгилинде (50 күн), топурактын нымдуулугуна көз карандысыз түрдө (ТНСтан 25%дан 80%га чейинки интервалда) алардагы никотиндин топтолуусу дээрлик бирдей жана бир өсүмдүккө 27,5ден 31,0гө чейин интервалда турат.Өсүмдүктөрдүн топурактын жогорулатылган нымдуулгунда тез өсүүсүнөн улам алардагы никотиндин салыштырмалуу (100 грамм жаңы массага миллиграммда) тутуму азыраак.Андан кийинки мезгилдерде (көчүрүп отургузгандан 50 күндөн кийин) «кургак» варианттагы өсүмдүктөрдөгү никотиндин топтолуусубир кыйла «нымдуу» варианттагыга салыштырмалуу бүтүндөй өсүмдүк боюнча да, 100 гр жаңы массадагы боюнча да катуу озуп кете баштайт. Никотинди тамырларында топтоонун чоңдугу күчтүү даражада сырткы шарттардан көз каранды; тамырлардын өсүүсү жана алар тараптан никотиндин жасалышынын ортосунда түз көз карандылык жок.Тамырлардын тез өсүүсү никотиндин алсыз жаңы жасалуусу менен коштоло алат жана, тескерисинче, тамырлардын жай өсүүсү никотиндин чоң санынын пайда болушу менен байланышкан.

Сведения

Опубликовано
2023 · № 1 (2), С. 13-25
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8688
Издатель
Osh State University