«САРКЕНТ» МЖПНЫН АЙМАГЫНДАГЫ ЖЫЛАҢАЧ МАНЖА СУР ГЕККОНДУН (GYMNODACTYLUS RUSSOWI STR.) ТАРАЛУУСУ
Макалада «Саркент» МЖПнын аймагында кездешүүчү жылаңач манжа сур геккондун (Gymnodactylus russowi str.) биценотикалык таралуусу жана отурукташуу жыштыгынын өзгөчөлүктөрү боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары берилген. Изилдөөнүн натыйжасында жылаңач манжа сур геккон таралуусу боюнча өздөрүнүн өзгөчөлүгүнө жараша белгилүү биотопторго гана адистешкендиги аныкталды. Отурукташуу жыштыгы, айрыкча чөлдүү талааларда жана жолдун жээктеринде артыкчылык болоору аныкталып, бул биотоптордо отурукташуу жыштыгы гектарына 5,7ден 8,3особ туура келээри аныкталган.
Сведения
- Опубликовано
- 2022 · № 1, С. 51-57
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8688
- Издатель
- Osh State University