ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ПРОФИЛДИК ЭМЕС БАГЫТТЫРДА ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АКТУАЛДУУЛУГУ
Бул иштин максаты – адис эмес профилдерде экология дисциплинасын окутуунун ролун жана маанисин көрсөтүү. Профилдик эмес багыттардагы студенттерге жүргүзүлгөн сапаттык көрсөткүчтөрдү изилдөө, талдоо жана тыянак чыгаруу. Студенттердин экологиялык түшүнүктөрдү кабыл алуусу жана эске тутуусун баалоо максатында жүргүзүлгөн билимдин бир бөлүгүн кайра текшерүү, дисциплинаны окутуунун зарылдыгын көрсөтөт. Экологиялык билим алуу менен студент өзү колдонмо жана теориялык аспектилерде өнүгүп, өркүндөйт. Корутунду. Экология дисциплинасы менен таанышуу, алардын багытына карабастан, ар кандай профилдеги студент экологиялык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт жана экинчи жагынан өзүнүн адистигинде дагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө шарт түзөт.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 1 (2), С. 8-12
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8688
- Издатель
- Osh State University