Central AsianResearch Index

АЛЫМБЕК ДАТКАНЫН АГАРТУУЧУЛУККА КОШКОН САЛЫМЫ

Макалада Кокон хандыгынын тушунда Алымбек датканын Ош шаарына курдурган медресеси жөнүндө айтылат. Кокон хандыгынын мезгилинде кыргыздар да башка мусулман элдери сыяктуу эле балдарын диний мектеп, медреселерде окутушкандыктан, жаш муундардын келечегине кам көргөн Алымбек датка өзүнүн каражатына 1860-жылы Ош шаарында медресе курдурган. Алымбек датканын салган ак медресеси Кокондогу хан медресесине окшош курулган. Алымбек датканын медресеси бышкан кыштан тургузулуп, дарсканадан, 28 өжүрөдөн турган. Анда эки мударис жана жүзгө чейин окуучулар жашап, билим алышкан. Медреседе мударисттер Ажы Мукамбет менен Сулайманкулдар сабак өтүшкөн. Медреселер жогорку окуу жай болгондуктан, алар консервативдүү боюнча калган эмес, тескерисинче өсүп-өнүгүп турган. Бул окуу жайлар кыргыз окумуштууларынын, агартуучуларынын, улуу ойчулдарынын эң сонун традициясын так ушул медреселерде сактап келишкен.

Сведения

Опубликовано
2024 · № 1(4), С. 186-191
Язык
Русский
ISSN
1694-867X
Издатель
Osh State University