КЫРГЫЗ КООМУНДАГЫ ШАЙЛОО ТАЖРЫЙБАЛАРЫ ЖАНА АЗЫРКЫ КӨЙГӨЙЛӨРҮ (САЯСИЙ-СОЦИОЛОГИЯЛЫК ТАЛДОО)
Макалада XIX кылымдын экинчи жарымында Кыргызстандын азыркы территориясы падышалык Россиянын курамына каратылгандан кийин административдик-саясий башкаруу системасындагы өзгөрүүлөр, киргизилген жаңы башкаруу системасы менен байланышкан саясий өзгөрүүлөр, болуштук шайлоо практикасы талдоого алынган. Анда бул саясий өзгөрүүлөрдүн калктын аң-сезимине, анын жашоо образына, социалдык түзүлүшүнө тийгизген таасирлери каралган. Падышалык бийлик административдик башкаруунун ынтаа коюп иштеген жергиликтүү калктын өкүлдөрүнүн чинин көтөрүү, мураска калтыруу укугу менен пайдаланууга жерлерди берүү, ардак наамдарын ыйгаруу, орден, медалдарды тапшыруу сыяктуу кызыктыруучу практикаларды кеңири колдонгон. XIX кылымдын 2-жарымында түптөлгөн кыргыз коомунун мындай саясий түзүлүшү жана башкаруу системасы 1917-жылдан кийинки Кеңеш бийлигинин киргизилишине чейин дээрлик өзгөрбөй сакталып калган. Бул процесстер, шайлоо практикалары кыргыздар үчүн алгачкы шайлоо тажрыйбалары катары тарыхый мааниге ээ болуп, Улуу Октябрь төңкөрүшүнөн кийин да, азыркы эгемендүүлүк мезгилинде да андагы терс тажрыйбалардын таасири башкаруу системасындагы кээ бир мүчүлүштүктөрдүн башаты болуп калган сыяктуу.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 1(4), С. 131-135
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-867X
- Издатель
- Osh State University