КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШТИ ЖАЗУУНУН МЕТОДОЛОГИЯСЫ
Студенттин адистиги боюнча изилдеп аткан проблемасы «Дипломдук иш» деп аталып, ал 60тан 100 чамалуу барак көлөмүндө жазылат. Жогорку окуу жайларда калыптанган салтка ылайык, дипломдук иш жогорку билим дипломуна жолдомо катары каралат. Дипломдук иштин жазылыш методу менен студенттин темага жасаган мамилесине карап, аларды изилдөө багытындагы жана көчүрмө түрүндөгү, деп экиге бөлүп карасак болот. Биринчи багыттагы дипломдук иштин аталышы көрсөтүп тургандай, студент коюлган проблеманы түшүнүп, анын маанисин ачыш үчүн арбын убакыт коротуп, терең изилдөө жүргүзгөнгө аракет жасайт. Компилятивдик дипломдук иште, студент тек гана тема боюнча белгилүү болгон илимий адабияттардын басымдуу бөлүгү менен таанышып, аларда айтылган проблемаларды окуп, үйрөнгөнүн ырааттуулук менен кагаз бетине түшүрүүгө жетишет.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 2(3), С. 55-61
- Язык
- Русский
- ISSN
- 1694-867X
- Издатель
- Osh State University