Central AsianResearch Index

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН РУХАНИЙ МАДАНИЯТЫНДА ПСИХОЛОГИЯЛЫК КӨЗ КАРАШТАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮ

Макалады кыргыз элинин психологиялык ой ой-толгоолорунун пайда болуусуна, алардын өнүгүүсүнө көңүл бурулду. Кыргыз эли эң байыркы жана маданий мурастарга бай, философиялык ой-толгоолору күчтүү элдерден болгондугу эске алынып талдоого алынды. Өзгөчө «Манас» эпосундагы психологиялык ойлор, кыргыз элинин жомокторунун психологиялык мааниси жана кыргыз санжырасынын адамдын иденттүүлүгүнүн калыптануусундагы психологиялык функциялары көрсөтүлдү. Кыргыз элинин психологиясын, архетиптик жүрүм-турумун, ой-жүгүртүүсүн, социалдык жана руханий болумушун, эс тутумун изилдөөдө маданият, тарых, нарк-насили жеткис булак экендиги аныкталды. Ошондой эле психология илиминин азыркы Кыргыстанда өнүктүрүү үчүн кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрүнүн жана менталитетинин эске алынуусу шарт экендиги белгиленди.

Сведения

Опубликовано
2023 · № 2(3), С. 71-79
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-867X
Издатель
Osh State University