Central AsianResearch Index

МАМЛЕКЕТТИК МАЖБУРЛООНУН МАЗМУНДУК ЖАКТАРЫ

Учурдагы укуктук мамлекеттин коомдук мамилелерди жөнгө салуунун натыйжалуулугуна жетишүүсү актуалдуу суроолордун бири катары келип чыгат. Мамлекет коомдук мамилелерди ченемдик жөнгө салуу менен анын так бирдей аткарылышын ал бузулган учурда калыбына келтирүү жактарын карайт. Бул учурда мамлекеттик мажбурлоонун ролу өзгөчө. Атайын механизмдер аркылуу мамлекеттик мажбурлоо тийиштүү коомдук кызыкчылыктарга жетүүнү көздөйт. Ата мекендик илимде мамлекеттик мажбурлоонун теориялык негиздери өтө аз изилденип учурдагы декриминализациялоо, гуманизациялоо саясатынын жүрүшүндө өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда жана ар тараптуу изилдөө зарылчылыгын жарат. Макаланын максаты түшүнүк аппараттарын талдоо аркылуу мамлекеттик мажбурлоонун мазмундук жактарын жана мүнөздүү жалпычлыктарын жана өзгөчөлү ктөрүн аныктоо саналат. Изилдөөнүн усулдары: Изилдөөнүн жүрүшүндө жалпы илимий жана атайын илимий усулдар, тутумдук, тутумдук түзүмдүк, функционалдык, грамматикалык логикалык усулдар колдонулду

Сведения

Опубликовано
2025 · № 1(6), С. 85-91
Язык
Русский
ISSN
1694-8661
Издатель
Osh State University