КЫЛМЫШ-ЖАЗА ПРОЦЕССУАЛДЫК ЮРИСДИКЦИЯНЫН ТҮШҮНҮГҮ
Макалада юридикалык илимдеги юрисдикция анын ичинде процессуалдык укуктагы юрисдикция талдоого алынган. Кылмыш-жаза процессуалдык юрисдикция түшүнүк аппараты ата мекендик илимде өтө аз изилденген тармак катары баалооого болот. Саналуу гана эмгектерди эске албасак ал жокко эсе. Ошону менен бирдикте кылмыш-процессуалдык юрисдикциясынын укуктук табиятын изилдөө бизге ар тараптуу анын маани мазмундук жактарын ачып берүү менен бирдикте анын жалпы жана өзгөчө белгилерин аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Макаланын максаты кылмыш процессиндеги юрисдикция түшүнүк аппаратын талдоо аркылуу ага мүнөздүү жалпы жана өзгөчө белгилерди аныктоо саналат. Макаланын жыйынтыгында кылмыш процессиндеги юрисдикциянын классификация, аларды бөлүүнүн критерийлери аркылуу ишке ашырылган. Макаланын материалдары мамлекет укук теориясы, кылмыш процессуалдык теориясында илим изилдөөдө колдонулушу мүмкүн.
Сведения
- Опубликовано
- 2025 · № 1(6), С. 72-78
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8661
- Издатель
- Osh State University