КЫЛМЫШ-ЖАЗА ПРОЦЕССИНДЕГИ ДЕФИНИТИВДИК НОРМАЛАР
Маанилүүлүк. Учурдагы укуктук чындыкта Ата мекендик юридикалык илимди байытуу, ар тараптуу толуктоо, боштуктарды жоюу сыяктуу көйгөйлөр орун алып келет. Юридика илиминин алдындагы актуалдуу суроолордун бири катары ченем жаратуучулук, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү саналат. Бул процесстер атайын кабыл алынган эреже талаптар аркылуу ишке ашырылат. Ошону менен бирдикте бул талаптар дайыма эле сакталган учурлар кездешпейт. Мыйзам чыгаруу ченем жаратуу ишмердүүлүгүнүн талаптарынын бири катары түшүнүк аппараты же жөнгө салуудагы дефинитивдик нормалар саналат. Бул нормалар укуктун баардык тармагында кездешет.Ошону менен бирдикте кылмыш-жаза процессинде да орун алган. Кылмыш-жаза процессиндеги дефинитивдик нормалардын так аныкталышы аны өз кароосу менен ар кандай жолдор менен чечмелөөгө жол бербестен, юридикалык аныктык принцибинин сакталышын да камсыз кылат. Мына ошонудктан изилдөө темасынын актуалдуулугун түзөт.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 2(5), С. 228-234
- Язык
- Русский
- ISSN
- 1694-8661
- Издатель
- Osh State University